Бай болуш үчүн окуй турган 10 китеп

Бай болуш үчүн окуй турган 10 китеп
26-Апр. 2018, Бейшемби, 10:37

Ар ким бай, бакубат жашоодо өмүр сүрүүнү каалайт. Ал үчүн жумуш иштөө гана жетишсиз. Кандай жумуш иштеп, кантип пайданы артыруу керек экенин ойлонуу керек. Ошого байланыштуу байлардын сизге берген кеңешине кулак түрсөк. Алар сиздер үчүн төмөндөгү китептерди окууга кеңеш беришет.

1. Миллионер “Next Door”

Томас Дж Стэнли менен Уильям Д. Данко 1996-жылы жазган бул китеп азыр классикага айланган. Ал китепти бакубат өмүр сүрүү үчүн жасалган 7 кадам тууралуу айтылган. Аз жумшап, көп табуунун стратегиялык жолдору караштырылган.

2. «Бай ата, кедей ата» (Богатый папа, бедный папа)

Роберт Кийосакинин бул китеби ар кандай жаштагы адамдарга арналган, жана баардык убакта суроо-талапка ээ болуп келет. Китептин автору өзүнүн өтө билимдүү, бирок кедей болгон атасынын адаттарын жазат.

3. Бай адамдар кандай ойлонот?

Бул китептин автору Стив Сиелбол аны жазардан мурун 1000 миллионерлер менен миллиардерлер менен маек курган. Ал үчүн өзүнүн 30 жылын курман кылып, алардын жөнөкөй адамдардан өзгөчөлүгүн аныктоого тырышат.

4. Туура ойлонуу жана бай болуу

1937-жылы америкалык жазуучу, журналист, психолог Наполеон Хилл жазган. Даректүү прозада капчыктуу болуш үчүн эмне кылыш керек деген суроого жооп берген.

5. Сен-акчасың: Кантип бай адам болууга болот?

Орто деңгээлде өмүр сүрүп жүргөн адамдарга арналган китепти Фарух Тораби жазган. Турмушта акчаны кантип үнөмдөөгө болот деген суроого жооп берет. Бул китеп сизге башка ааламды тааныштырат.

6. Вавилондогу эң бай адам

Сиздин бакубат өмүр сүрүүңүз үчүн билиш керек сырлар менен милдетттер айтылган. Автору Джордж С. Клейсон бул китепти каржылык кыйынчылыктарды жоюунун ыкмаларын сунуштайт.

7. Бай болуу кылымы

Уоллес Ватл баю үчүн позитивдүү ойлонуу менен интеллектуалдык негиздердин маанилүүлүгүн көрсөтөт. Китепте ойдун байлыкка алып барган жолдору тизмектелген. Мисалы, сиз акча колдун кири деп эсептесеңиз, эч качан бай боло албашыңыз мүмкүн.

8. Автоматтык миллионер

Бул китеп бай болуу үчүн каржыны үнөмдөө эмес, так план куруу керектигин түшүндүрөт. Окуган маалдан баштап ошол жолго түшүү үчүн жашоодогу принциптерди калыпташтырып берет.

9. Өмүр сабактары

Бул китепти тажрыйбалуу адис, миллиардер Ричард Брэнсон жазган. Өзүнүн кантип бай адам болгонун, кандай ашуулардан өткөнүн баяндап берген.

10. Миллионер «Fast Lane»

Аталган китеп өзүңүз так эмне кыла аларыңызды жана эмне кыла албарыңызды аныктап алууну сунуштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!