Организм тер бөлүп чыгаруу менен дененин температурасынын бир калыпта турушуна кам көрөт. Бирок буга карабай, өзгөчө жайында кээ бирлердин буту көп тердейт. Мунун себептери илимде кандайча аныкталат?
Денебиздин “терморегуляторлору”
Терди биздин терибиздин алдында жайгашкан тер бездери бөлүп чыгарат. Тер аркылуу организм өзүндөгү температураны бир калыпта кармап турганга аракет кылат. Башкача айтканда, тер бездери “терморегулятордун” ролун аткарат. Чеги менен тердесе жакшы дечи, бирок кээ бирлер ашыкча тердейт. Бул медицинада гипергидроз деп аталат. Бүгүн биз буттун ашыкча тердөөсү боюнча сөз кылабыз.
Себептери эмнеде?
1. Ысыкта жабык, анан бутту кыскан бут кийим кийүү.
2. Бутту туура эмес күтүү (мисалы, убагында жуубоо).
3. Стресс, толкундануу.
4. Кара күч эмгеги менен узакка алектенүү.
5. Буттун тери оорулары. Мисалы, грибок оорусу. Мындай ооруда буттун манжаларынын аралары кургап, жарылып, ал жер кычышып, карттанат. Бул тердин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт жана бутту аябай жыттантат.
6. Жугуштуу жана ички без оорулары (мисалы, кант диабети), залалдуу шишиктер, ошондой эле нерв системасынын оорулары.
7. Синтетикалык байпак.
8. Дермантин же резина бут кийим.
Гигиеналык эрежелерди сактап, туура күтсө да буту ашыкча тердеген адамдар дарыгерлерге кайрылып, себептерин аныктатуусу кажет. Анткени, мүмкүн, ал адамда грибок же нерв системасынын оорусу бар чыгар.
Гигиеналык эрежелерди сактаңыз!
1. Ысыкта күндө кечки убак бутту самындап жууп, кургатыңыз.
2. Ысыкта пахтадан жасалган байпак кийиңиз.
3. Бут кийимди 2 апта сайын жууп, шамалдатып кургатыңыз.
4. Резина бут кийим кийип иштөөгө туура келсе, анда чечер замат бутту самындап жууңуз.
5. Ысыкта ачык бут кийим кийүү зарыл.
6. Күндүз көп басууга же иштөөгө туура келсе, анда атайын упа дарыны сээп, анан байпак кийүү оң. Бул жаатында жаңы чыгып жаткан “Антипотин” дарысы абдан таасирдүү.
«Антипотин» дарысынын касиети жана колдонуу жолу
Упа дарынын курамындагы бор кислотасы антисептикалык (микробдорго каршы) ролду аткарат. Анын үстүнө терини дүүлүктүрбөйт. Бор кислотасы ашыкча тердөөдөн арылтуучу каражаттардын баарында негизги курам болуп эсептелет.
Ал эми салицил кислотасы сезгенүүнү жана дүүлүгүүнү (кычышууну да) басып, бактерияларды жок кылуучу касиетке ээ.
Сары софоранын тамыры нымды жутуп, терини кургатып, кычышууну басат. Бактерияларды өлтүрүп, сезгенүүнү кетирет.
Бензой кислотасы эфир майын бөлүп чыгаруучу өсүмдүктөрдөн алынат жана бактерияларды өлтүрүүчү каражат болуп эсептелет.
Тальк сезгенүүнүн алдын алат.
Дарыны колдонуу жаатына келсек, 1 кичине баштыкчадагы (40 грамм) упа дарыны 1,5-2 литр кайнак сууга салып, анан бир аз муздагандан кийин бутту 30 мүнөт салып отуруу кажет. Бул күнүнө 1 гана жолу жасалат. Дарылануу курсу 3 күн. Дарынын тескери таасирлери жок. Кош бойлууларга, жаш балдарга колдонууга болбойт. Бут териси жарылып, ыйлаакчалар бар болсо да колдонууга болбойт. Дарыдан аллергия жаралса, анда колдонууну токтотуп, врачка кайрылуу кажет.