Терчилдиктен сактоочу элдик каражаттар

Терчилдиктен сактоочу элдик каражаттар
19-Май 2017, Жума

Жайдын ысыгында ар бир адам тердейт. Тердин коңурсуган, кычкыл жытынан улам өзүңүздү жана айланаңыздагыларды тынчсыздандыргыңыз келбесе, тез-тез жуунуп туруңуз. Эгерде сиз адаттан тыш терчил болсоңуз, анда сизге төмөнкү элдик каражаттар жардамга келет.

Колтуктун тердебеши үчүн:


Эмендин кабыгын кайнатып, ушул маңыз менен колтугуңузду сүртүңүз.

Ашкана содасын упа сыяктуу колтугуңузга коюңуз.

Буттун тердебеши үчүн:


Бутуңузду таза кылып жууган соң уксус кошулган суу менен сүртүңүз.

Кайыңдын жалбырагын, шыбакты жана жапайы ромашканы аралаштырып кайнатып, ушул сууга бутуңузду жууңуз.

Карагайдын ийнелерин кайнатып, анын тундурмасына бутуңузду жууңуз.

Тердин жытын жоготуучу каражаттар


Жыгачтын күлү менен туз аралашкан сууга бутуңузду жууңуз.

Ар бир ваннага түшкөн сайын колтугуңузга жана бутуңузга Теймуров пастасын сүртүңүз. Бул каражат тердин кескин жытын эң жакшы кетирет.

Алакандын тердебеши үчүн:

1 литр сууга 1 чоң кашык туз, 1 чоң кашык уксус кошуп ванна даярдаңыз. Ушул аралашмага күн сайын 10 мүнөттөн колуңузду салып туруңуз. Андан соң агып жаткан жылуу сууга жууп, кургатып аарчыган соң крем коюп алыңыз.

Беттин тердебеши үчүн:

Эртең менен жана кечинде бышпаган сүт менен бетиңизди жууңуз.

Муздак кара чай менен жуусаңыз да натыйжа берет. Бирок, жуугандан кийин сүлгү менен аарчыбай, өзүнүн кургашын күтүңүз.

Кечинде жатаарда бетиңизди помидор же бадыраң менен сүртүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!