Чуркоонун пайдасы канчалык?

Чуркоонун пайдасы канчалык?
31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Чуркоо – спорттун бир түрү. Бирок аны спорт эмес, күнүмдүк жумуш ирээтинде кароого болот. Себеби анын өзүнө таандык өзгөчө пайдалары бар.

1. Жүгүрүп туруу жүрөктүн кагуусун иретке келтирет. Ал жүрөк булчуң эттерин калыбына келтирип, турукташтырат.

2. Кандагы кислородду көбөйтөт. Жүгүргөн учурда денеден кан көп бөлүнөт. Бул кандын туура айлануусуна жооп берет.

3. Стрессиз спорттун түрү. Стресс жана чарчоо адамдын денесиндеги көптөгөн мүчөлөргө зыян алып келет. Ошондуктан, ар дайым сергек жана жанданып жүрүү үчүн чуркаган пайдалуу.

4. Чуркаган учурда канда эндрофин гормону тез иштей баштайт. Бул гормон медицинада “бакыттын гормону” деп аталат. Бул бекеринен айтылбаса керек. Канда бул гормон тез иштеген сайын стресстен арыласыз.

5. Акылдуу болууга түрткү берет. Чуркаган учурда адам өзү менен өзү калып, турдүү ойго чөмүлөт. Бул анын тез жана туура чечимдерди кабыл алуусуна жардам берет. Нерв тамырлары менен нерв системасы ордуна келип, адам тынч алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!