Көңүлдүү болуунун 5 жолу

Көңүлдүү болуунун 5 жолу
25-Авг. 2017, Жума

Ар дайым куунак болуу сиздин акыл-эсиңизди жана дене турпатыңызды туура алып жүрүүгө шарт түзөт. Ал үчүн бактылуу болуу биринчи орунда турат. Андан кийин анча-мынча кырдаалдарга алдырбаганга, маани бербегенге аракет кылууңуз жетиштүү. Бирок кантип жасоо керек? Аны изилдөөчүлөр иликтеп сизге төмөндө көңүлдүү болуунун 5 жолун сунушташат:

1. Тышкы көрүнүшүңүздү сактаңыз: Ар дайым өзүңүздү көңүлдүү алып жүрүүнү кааласаңыз, тышкы кебетеңизге көңүл буруңуз. Ашыкча салмак сиздин маанайыңыздын чөгүшүнө шарт түзөт. Андыктан ар күнү арыктатуучу көнүгүүлөрдү жасаңыз. Ал сиздин стресске кабылышыңызды алдын алат. Бристол университетинин изилдөөчүлөрүнүн иликтөөсүндө, жумушка баруудан мурда жана түштө ар кандай машыгууларды жасагандар, ачуулануудан жана стресстен узак турушат.

2. Чөйрөңүздү кеңейтиңиз: Изилдөөчүлөр, үй-бүлө жана достору менен тыгыз байланышта болгондордун коомдук чөйрөдө ар кандай топторго кошулуу менен көңүлү куунак болуп, өзүн жогорку даражада бактылуу сезерин белгилешти. Кошуналар, тааныштар менен да байланышта болууну унутпаңыз. Жалгыздык сиздин бактылуу, көңүлдүү маанайыңызды чөктүрөт.

3. Актуалдуу жана позитивдүү болуңуз: Көңүлдү куунак алып жүрүүнүн дагы бир жолу, активдүү болуу менен мээнин жакшы иштешине шарт түзүү. Ар дайым шайыр болуңуз. Жаман иштерге, ойлорго барбаңыз. Эгерде кандайдыр бир кырдаал болсо, аны чечүүдө көңүлүңүздү чөктүрбөгөнгө аракет кылыңыз. Кырдаалды туура кабыл алып, жаркын маанай менен тез арада чече аласыз. Маанайыңызды чөктүрсөңүз жашоодо сизден бактысыз киши жоктой сезилет. Күчтүү болуңуз.

4. Эң кичине нерсеге да кубаныңыз: Айланадагы бардык нерсеге маани берүү албетте кыйын. Бирок кичине гана нерселерден бактылуу болууга аракет кылсаңыз, көңүлүңүздүн ар дайым жогорку деңгээлде болушуна шарт түзгөн болосуз. Ал кыйын эмес, болгону "рахмат" айтуу сиз үчүн кандай жеңил болсо, ал да ошондой оңой гана нерсе. Көңүл чөктүрүү жөнөкөй нерселерди да байкабастыкка алып келет. Аны алдын алыңыз.

5. Көңүлүңүзгө жаккан нерселерди жасаңыз: Сиз эмнени жасоону каалап жатсаңыз тартынбаңыз. Болбосо мурда ушундай иштерди жасоо менен өзүңүздү чексиз бактылуу болгон учуруңузду эстеңиз. Же болбосо туулган күнүңүздө досторуңуз тарабынан тартууланган жагымдуу маанайды эскерүү менен сиз кыялыңызда асманга учасыз. Андан тышкары бош олтурбаңыз, зерикпегенге аракет жасаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!