Сиз бактылуусуз эгер...

Сиз бактылуусуз эгер...
9-Сен. 2017, Ишемби, 14:58

...Эгер сиз эртең менен аман-эсен ойгонсоңуз. Сиз жашоосу кийинки жумага жетпей калган 1 миллион адамдан бактылуусуз.

...Эгер сиздин башыңыздан согуш, жалгыздық, абакка камалуу, кулчулук же ачкачылык келбесе, сиз бактылуусуз. Себеби дүйнөдөгү 500 миллион адам бул кыйынчылыктарды тартып келишүүдө.

...Эгер сиз мектепке, жумушка эч кандай коркуусуз, түрмөгө камалып калам же өлүм тууралуу ойлобостон эркин бара ала турган болсоңуз бактылуусуз. Анткени дүйнөдөгү 3 миллиард адам коркуу менен жашашат.

...Эгер сиздин муздаткычта жей турган ашыңыз, үстүңүздө кийимиңиз, башыңызды калкалай турган үйүңүз жана жылуу төшөгүңүз болсо, бул дүйнөдөгү 75 пайыз адамдан байсыз.

... Эгер сиздин банкта счётуңуз, капчыгыңызда акча жана жыйнаган аз гана тыйыныңыз болсо, сиз бул дүйнөдөгү 8 пайыз табышкер адамдардын катарына киресиз.

... Эгер сиз ушуну окуп отурсаңыз, арип тааныбаган 2 миллиард адамдын катарында эмессиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!