Депрессиядан кутулуунун оңой жолу

Депрессиядан кутулуунун оңой жолу
4-Окт. 2017, Шаршемби, 11:17

Жумасына болгону бир саат машыгуу – депрессиядан кутулунун эң оңой жолу болуп табылды. Стресстен чыгуу жолдорун изилдеген окумуштуулар ушундай жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги билдирди.

«Көнүүгүнүн депрессияга каршы күрөштө пайдасы барын мурдатан билгенбиз, бирок анын стресстен чыгууга жардам берерин биринчи жолу далилдеп отурабыз», - деди Сиднейдеги Жаңы түштүк Уэльс университетинин кызматкери Сэмьюэл Харви.

Өнөкөт депрессия эң көп таралган жана эң татаал психикалык бузулуулар болуп саналат. Адатта, узак убакыт стрессте жургөн адамдардын өмүргө деген кызыгуусу жоголуп, кайдыгерик басып, өз-өзүнө көңүлү толбойт. Депрессия менен күрөшүү үчүн окумуштуулар жүздөгөн дары жасап чыгарды, бирок көпчүлүгү таасир деле бербейт келет. Алар зат алмашууну бузуп, ашыкча салмак кошуп, дары ичүү адатка айланып жана башка ушул сыяктуу көйгөйлөрдү алып келүүдө.

Акыркы жылдардагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар дайым стрессте журүү адамдын психикасы менен кулк-мүнөзүнө гана эмес, анын ден соолугуна да тескери таасир берип келет. Тактап айтканда, депрессия адамдын өмүр сүрүү узактыгын кыскартат. Мисалы, төрт жыл мурун нидерланд биологдору депрессиядан теломерлердин (хромосоманын үч жагындагы бөлүгү, коргонуч кызматын аткарат) узундугу бир кыйла кыскарганын байкашкан. Натыйжасында клеткалар ылдам картая баштаган.

Харви менен анын кесиптештери Норвегия тургундарынын ден соолугуна байкоо жүргүзүшүп, стресстен арылуунун коопсуз жана жөнөкөй жолун табышкан. Долбоор 1980-1990-жылдар аралыгында Норвегиядагы бир губернияда ишке ашкан. Долбоорго чамасы менен 30 миң норвегиялык адамдар катышкан. Окумуштуулар 24 саат бою алардын ден соолугун гана эмес, маанайына дагы байкоо салышкан.

Ошентип, машыгууга көңүлү тартпаган адамдар жумасына жок дегенде бир-эки сааттын спортко бөлсө стресстен да арылып, ден соолугун да чыңдап алууга жардамын берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!