Жаман ой жанды жабыркатат

Жаман ой жанды жабыркатат
26-Окт. 2017, Бейшемби, 13:03

Адам баласы бул дүйнөгө келген маалда, таза ак барактай периште болуп келет. Өмүргө келгенден кийин жашооонун турдүү сынактары менен кыйындыктары адамды депрессияга, жалгыздыкка түртөт. Анын кесепетинен жаман ойлор менен үмүтсүздүк уялап жанын азапка бытырып, стресске жана аягы түрдүү кыйындыктарга алып келет. Оюуңузду жаман адаттан арылтып жакшы нерселерди ойлонууга тырышуу үчүн, психологдун жардамына кулак салыңыз:

Ар күндү баштоодон мурда түн бир убакта пландап эртеңки күнгө кадам таштаңыз.

Таңды жылмаюу менен баштаңыз, бир күн бою сергек жүрөсүз.

Күнүңүз жакшы өтсүн десеңиз бир жакшылык жасаңыз.

Адамдардын сизге жаман айткан сөзүн кабыл албоого тырышыңыз.

Адамдар менен сүйлөшкөндө, жакшы сөз айтууга аракет кылыңыз.

Жаман ойдон арылуу үчүн спорт менен машыгыңыз.

Таарынган болсоңуз унутуңуз.

Табияттын койнуна көп чыгып туруңуз.

Сарсаанага баткан сайын ден соолугуңузга зыян алып келесиз.

Маанайды көтөрүүчү ырды угуңуз.

Ким акыркы жолу сизге жакшы сөз айтты?

Жакшы көргөн адамыңыз болсо айтыңыз.

Каршылык кылган адамдар менен күрөшүүнүн жолу унчукпай кутулуу.

Күлүп жүрүңүз сизге күлгөн жарашат.

Жаман ой менен бирөөгө жамандык ойлобоңуз. Бирөөгө аткан огуңуз, өзүңүзгө кайрылып келет.

Бирөөнүн жасаган жамандыгын, жакшылык менен кайтарыңыз.

Ой менен жүрөк бир байланышта жүрөккө канчалык жакшы нерселерди уялатсаңыз, оюңузда, жаныңызда тазаланат.

Депрессия менен ачуулануу ден соолуктун түбүнө жетип, адамды руханий жактан жабыркатат.

Жүрөгүңүз мээримге, жаныңызды шаттыка бөлөнсүн. Оюуңуз жалаң жакшылыктардан турсун.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!