Белгилүү адамдын ийгилик сырлары

Белгилүү адамдын ийгилик сырлары
11-Ноя. 2017, Ишемби, 13:47

Дүйнөдөгү белгилүү “Wal-Mart” дүкөндөр желесине негизи салган Сэм Уолтон клиенттердин күткөнүнөн ашып түшүү керек дейт.

Белгилүү бизнесмендин эмгек жолундагы эрежелерин назарларыңызга сунуштайбыз:

Кызматкерлериңиз менен тапкан пайдаңыз менен бөлүшүңүз жана аларга шериктештериңиз катарында караңыз. Ошондо алар да сизге дал өзүңүздөй карым-катынаш жасайт. Жана баарыңыз бирлешип кыялдаган дүнүйөңүзгө кол жеткириңиздер.

Кызматкерлериңизди шыктандырыңыз. Ар дайым кызматкерлерди шыктандыруу ыкмаларын издеп, командада атаандаштыкты колдоого аракет кылыңыз.

Өзүңүзгө маалым болгон маалыматтар менен кызматкерлериңиз менен бөлүшүңүз. Алар канчалык көбүүрөк билсе, ошончолук түшүнөө алышат. Канчалык жакшы түшүнүшсө иштин ийгиликке жетишүүсү ошончолук жакшы болот. Кызматкерлердин жасап жаткан иштерин жогоруу балаңыз. Сиздин чындап мактооңузду эч нерсе алмаштыра албайт. Сиз ал сөздөрдү бекер эле айтасыз, ал эми алардын пайдасы эбегейсиз.

Жеңиштериңизди белгилеп өтүңүз. Каталарңызга күлө караңыз. Өзүңүздү өтө оор кабыл албаңыз.

Компанияда жумуш иштеген ар бир кызматкерге кулак салыңыз. Себеби клиенттер менен жумуш иштеген кызматкерлер иштин накта жагдайын жакшы билишет.

Кардарларыңыздын күткөнүнөн ашып түшүңүз. Алардын каалаганын ашыгы менен орундатыңыз.

Атаандаштарыңызга караганда, чыгымдарыңызга көбүрөөк байкоо салыңыз.

Агымга каршы жүрүңуз. Өз жолуңузду табыңыз.

Бизнесте бир гана башчы бар. Ал сатып алуучу. Ал акчасын башка бир жерде жумшап, компания кызматкеринен баштап, директорго чейин жумушунан бошото алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!