Уйку тууралуу алтын кеңештер

Уйку тууралуу алтын кеңештер
25-Ноя. 2017, Ишемби, 12:12

1. Күнүнө 6-7 сааттан ашык уктабаш керек.

2. Түшкү 11.00-1.30 арасында 20-30 мүнөттөй убакыт уктап алуу өтө пайдалуу.

3. Түндө 23.00 – 5.30 арасында (1 саат кечиктирүүгө болот) милдеттүү түрдө укташ керек. Уйку үчүн эң сапаттуу убакыт – ушул убакыт болуп саналат.

4. Эртең менен туруп, түшкө чейин уктабаңыз.

5. Эч качан тоюп алып жатып, уктап калбаңыз. Тамакты уйкудан аз дегенде 3 саат мурун жеген жакшы.

6. Кеч батып бара жатканда уктоого болбойт.

7. Уктаардан мурда денебиздин булчуң эттерин бошодотуу кажет.

8. Ызы-чуунун арасында, жаман жыт жыттанган жерлерде, өтө жумшак болбосо аңгыл-дөңгүл төшөктүн үстүндө уктабаңыз, себеби уйкуңуз канбай күнү бою чарчаңкы абалда болосуз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!