“Дежавю” деген эмне?

“Дежавю” деген эмне?
20-Янв. 2018, Ишемби, 14:34

Кээде бир саамга дал азыр болуп жаткан нерсени мурда көргөндөй сезимде болобуз. Мындай абалды адамдардын 97 пайызы өткөргөн. Андай учурда «бул нерсе мурун болгон сыяктуу» дейбиз. Эмнеге андай болуп жатканы, албетте ар кимди кызыктырат.

«Дежавю» – француз тилинен которгондо «көрүп койгонмун” дегенди билдирет.

Азыркы илимий изилдөөлөр “дежавю” кезинде адамдын мээсинде эмне болуп жатканын көрсөтүштү. Ал учурда мээнин сенсорлуу сигналы («бул азыр болуп жатат») жана узак убакыт эсте сактоо («мага бул мурунтан тааныш») деген эки бөлүгү бирдей ишке кошулат. Эске сактоо бул убакытта өтө активдүү жумуш иштеп тургандыктан, ал сигналды кабыл алуусу бир аз озуп түшөт. Ошентип, «келечекти билүү» сезими бир нече секундка ылдамыраак пайда болот.

Ушундайча, окумуштуулар «дежавю – эс-акылдын катачылыгы» деген аныктама беришкен.

Ал эми “дежавюнун” эмнеден улам пайда болоору тууралуу азырынча илимий жооп жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!