Жашоонун эң жөнөкөй 3 эрежеси

Жашоонун эң жөнөкөй 3 эрежеси
10-Фев. 2018, Ишемби, 13:29

Жашоо биз ойлогондон да кызыктуу жана жөнөкөй. Кээде жашоодогу татаал учурларды түшүнүү үчун өтө жөнөкөй эрежелерди эске тушүрүү кажет. Жашооңузду өзгөртүүнү каалайсызбы? Анда бул 3 эрежени билип жүрүңүз!

Бир кадам баспай алдыга карай жыла албайсыз

Сиз бир кадам алдыга баспасаңыз, эч качан турган ордуңуздан жыла албайсыз. Ошондой эмеспи? Отура берген жакшы эмес. Жаныңыз бир өзгөчөлүк каалаары анык. Бир нерсени түшүнүү үчүн да кээде алдыга бир кадам жасап көрүү керек. Катачылык кетирген ар бир адамга таандык.

Катачылык кетирүүдөн эч качан коркпоңуз!

Сурабасаңыз эч качан жооп ала албайсыз. Бул өтө жөнөкөй. Билбесеңиз сураңыз. Ыңгайсыз суроолор болбойт. Берилбеген суроолор ыңгайсыз болуп саналат. Сурабасаңыз эч ким жооп бербейт.

Байкап көрбөсөңүз эч качан максатка жете албайсыз

Жакшы бир ишти баштоо көптөн бери оюңузда жүрөт дейли. Баштап кетейин десеңиз, жүрөгүңүз барбайт. Тегерегиңиздегилердин сөзүнөн, пикиринен коркосуз. Бирок, бул нерсени түшүнүңүз, эгерде байкап көрбөсөңүз эч качан ойлогонуңүзга кол жеткире албайсыз. Ал эми эң кыйыны ойлогон нерсени ишке ашыра албоо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!