100 күндүн ичинде жашоону өзгөртүүнүн жолу

100 күндүн ичинде жашоону өзгөртүүнүн жолу
19-Март 2018, Дүйшөмбү, 10:32

«Өмүрдү өзгөртүү мүмкүн эмес» деп санаган адамдардын пикири катачылык. Өмүрүн өзгөртө албаган адам эринет же коркот. Ал эми болгон күчүн жыйнап, так чечим кабыл алган адам жашоосун толугу менен өзгөртө алат.

1. Дүкөндөн сатып алган же досторуңуз белекке берген “окуш керек” деген бир китепти колуңузга алып, 100 күндүн ичинде башынан аягына чейин окуп чыгыңыз. Бул сизди максатка бекем болууга чечимди кабыл алууга үйрөтөт.

2. Күндө жаңы бир нерсени билүүгө аракет кылыңыз. Мисалы, гүлдүн аталышы, бир өлкөнүн борборун, бир шаардын белгилүү имаратын, жери, салты жана башка нерселерди. Бир аз убакыттан кийин ойлоо, эске сактоо мүмкүнчүлүгүңүздүн жакшырганын байкайсыз.

3. Күн сайын бир мүнөт убакыт бөлүп, ошол күнү эмнеге ыраазы болгонуңузду кагазга жазып жүрүңүз.

4. 100 күн бою бир ооз арыз айтып чагымданбоого аракет кылыңыз. Негативдүү ойлор милдеттүү түрдө негативдүү жагдайга алып келет.

5. 100 күн бою күндө эртең менен атайы дептерге оюңуздагы баардык нерселерди тизмектеп жазып чыгыңыз. Ал маанилүү, маанисиз, өзөктүү, жөнөкөй нерселерге катыштуу болушу мүмкүн. Оюңузга эмне келсе ошону жаза бериңиз.

6. Күнүнө бир саат убактыңызды келечекти пландоо жана кыялданууга арнаңыз. Кошумча акча алып келүүчү иштерди ойлоп табууга аракеттениңиз.

7. Ушул 100 күндүн ичинде ар дайым спорт менен машыгып туруңуз. Ал менен кошо бий, аэробика, йога, теннис, сууда сүзүү сыяктуу активдүү бир иш менен алектенип туруңуз керек.

8. Ушул 100 күндүн ичинде өз ойлоруңузду, сөздөрүңүздү көзөмөлгө алыңыз. Ким болгуңуз келет? Өзгөрүлөөр тууралуу эмне ойлойсуз? Эмнеге андай ойлойсуз? Баарына жооп берүүгө тырышыңыз. Сиздин ойлоруңуз жалаң гана сиз үчүн маанилүү, пайдалуу болуш керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!