​Бакыт Байсариев экинчи жубайы менен ажырашты

​Бакыт Байсариев экинчи жубайы менен ажырашты
30-Март 2018, Жума, 23:02

Шоумэн жана тамада Бакыт Байсариев экинчи жубайы Алия Асаналиева менен мыйзамдуу түрдө ажырашты. Бул тууралуу Байсариев билдирди.

Анын айтымында, түгөйлөр 2016-жылы баш кошушкан. Кийин Айчолпон аттуу кыздуу болгон соң, борборубуздагы ресторандардын биринде дүркүрөтө үлпөт тоюн өткөргөн эле.

Экинчи жубайын ачыкка чыгарып, анын башкалардан өзгөчө айым экенин баса белгилеген шоумэн: «Жашоодо биз күтпөгөн нерселер орун алат экен. Алия менен ажыраштым. Бул кадамды жасабасам да болмок эмес» деп билдирди Байсариев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!