Самара Каримова жаңы тасмага тартылды

Самара Каримова жаңы тасмага тартылды
2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 21:44

КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова жаңы тасмага тартылды. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына жарыялаган.

Тасманын эпизодуна ылайык, ырчы үй-бүлөлү айымдын образын ойногон. Учурда Интернет колдонуучулары Самара Каримованын актрисалык өнөрүнө суктанып, анын тасмасын чыдамсыздык менен күтүп жаткан убагы.

Тасма качан көрсөтүлөт азырынча айтыла элек. Белгилей кетсек, Самара Каримова “Илегилек” драмасында башкы ролдо ойногон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!