Рэппер Айбек Кабаев орусиялык сынакта

Рэппер Айбек Кабаев орусиялык сынакта
4-Апр. 2018, Шаршемби, 22:59

Кыргызстандык жаш рэппер Айбек Кабаев «Голос улиц» телешоусунда топ-15ге кирди. Кабаев «Деньги не пахнут» чыгарманы тартуулаган.

«Мен абдан толкундандым. Чыгарманы жеткире аткара алдымбы деп сарсанаа болуп жаттым. Акыры калыстар эмгегимди баалашып, топ-15 киргизишти»,-деди рэппер.

Айбек Кабаев Кыргызстандын атынан бул долбоорго жалгыз катышкан талапкер. Ал эң мыкты рэперлердин катарына кире алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!