​Самара Каримова туулган күнүн кантип белгиледи?

​Самара Каримова туулган күнүн кантип белгиледи?
10-Апр. 2018, Шейшемби, 22:29

Бүгүн, 10-апрелде КРнын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Бишкектеги тойканалардын биринде жакындары жана чыгармачыл достору менен биргеликте өздүк майрамын белгиледи. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына бөлүштү.

Ырчынын туулган күнүн куттуктап, сахналаштары Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева, Урмат Усенов, Неля, Гүлнара Кахарова, Каныкей жана диктор Чынар Капарова, алып баруучу Назира Бердигулова жана башка белгилүү адамдар келишкен.

Самара Каримова 1991-жылдын 10-апрель күнү Баткендин Лейлек районундагы Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Жолдошу Асан Мансуров менен 2 баланы тарбиялап келе жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!