Кош бойлуу ырчыны сахнадан атып таштады

Кош бойлуу ырчыны сахнадан атып таштады
13-Апр. 2018, Жума, 10:33

Пакистанда салтанаттуу иш-чарага 24 жаштагы Симона Самун ыр аткарууга чакырылган. Ал кош бойлуу болгон. Ошого карабастан күйөрмандарынын алдында ырдап берүүгө кубана макул болгон. Бул тууралуу “лайф.ру” сайты билдирет.

Симона сахнага чыгардан мурда, уюштуручуларга өзү үчүн орун даярдап коюсун өтүнгөн. Алар анын өтүнүчүн аткарышкан. Бирок күйөрмандар аны жактырбай, ордунан туруусун талап кылышкан.

Ырчы кыз бул өтүнүчтү аткарбай койгондо, сахнага үч эркек киши келип ырчыга акча чачышкан. Ырчы акыры ордунан турган маалда, ага күйөрмандардын бири ок аткан. Самун тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам көз жумду.

«Симонанын кош бойлуулугуна алты ай гана болгон. Ошондуктан ага ордунан тик туруу оор болчу. Көрөрман анын баш тартканына ачууланып, аялымды атып таштады», - деди күйөөсү.

Ырчынын өлтүргөн адам - Тарика Ахмед Джата.

Кайтыш болгон ырчынын күйөөсү өлтүргөн кылмышкерге төрөлө элек баласы менен аялын өлтүргөнү үчүн эки жаза берүүнү талап кылып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!