Джим Керри «Настоящее преступление» фильминде өзгөчө ролдо

Джим Керри «Настоящее преступление» фильминде өзгөчө ролдо
14-Апр. 2018, Ишемби, 13:04

Джим Керри көрөрмандардын алдына "Настоящее преступление" фильми аркылуу өзгөчө амплуадагы ролго ээ болду.

Актер поляк жазуучусу Кристоф Козловдун китебиндеги детектив Тедектин ролун ойнойт. Анда укук коргоочу чындыкка жетүү үчүн жазуучунун чындыгында кылмышка катышы бар-жогун билүүнү каалайт.

Керри комедиялык ролдору менен белгилүү болгондугуна карабастан, жашоодо андай эмес. Ал көңүлдүү адам эмес жана узак убакыт депрессия менен күрөшкөн. Мурда актер өзүн триллер жанрындагы "Роковое число 23" фильминде сынап көргөн. Бирок, ал үчүн жалаң гана терс сынга кабылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!