Кончита Вурст ВИЧке кабылгандыгын жар салды

Кончита Вурст ВИЧке кабылгандыгын жар салды
16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 17:33

“Евровидения-2014” сынагынын жеңүүчүсү өзүнүн диагнозу тууралуу элге жарыялады. Ырчы белгилегендей дарылануунун аркасында аман-эсен экенин айтты.

Кончита Вурст деп атаган австриялык артист Томас Нойверт “Instagram” баракчасына өзүнүн “ВИЧ” илдети тууралуу айтты.

Ырчынын айтымында, бул диагнозду ага көп жыл мурун коюшкан. Бирок ал убакта дарты тууралуу ачык айтууну каалаган эмес. Бирок Нойвиртин жакын адамдарынын бири анын бул дарытын коомчулукка жарыя кылаарын коркуткандан кийин элге маалымдоону тура көргөн.

“Мени эч ким коркутуп-үркүтүүгө акысы жок жана менин жашоомо таасир бере алышпайт", − деп белгиледи ырчы өз баракчасында.

Нойвирт белгилегендей үй-бүлөсү жана жакындары анын бул дарты тууралуу билишкен жана алардын колдоосу менен азыр ал ден соолугу чың.

Эскерте кетсек, Нойврит дүйнөлүк атакка “Евровидение-2014” сынагынан сакалчан аялдын келбетинде чыгып башкы сыйлыкка ээ болуу менен жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!