​Арсендин ыры Казакстанда бир миллион көрүүчү топтоду

​Арсендин ыры Казакстанда бир миллион көрүүчү топтоду
17-Апр. 2018, Шейшемби, 22:01

Казакстандык “Джейран” тобу кыргызстандык ырчылар Арсен менен Ралинин “Сен жана мен” аттуу ырын казак тилине которушуп клип тартышып, бир миллион көрүүчү топтоду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Аталган ырга 2014-жылы “До+Фа-2” тасмасынын саунтреги жаздырылган. Казак кыздары бул ырды аткарып чыгууда кыргыз ырчыларынан уруксат сурашып, клип тартышкан.

Эл жакшы кабыл алгандыктан популярдуу ырдын катарын толуктап жатат.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!