Залина Касымованын алгачкы ыры чыкты

Залина Касымованын алгачкы ыры чыкты
20-Апр. 2018, Жума, 20:58

Чыгармачылыкта кыл кыяк менен кыргыз элине таанымал болгон Залина Касымова эми ырчылыкка дагы аттанды. Бул тууралуу Залина Касымова Zaman.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, ырчылык боюнча вокалдан сабак алып, "Күн балам" атуу ырын чыгарды.

"Акыркы учурда жан дүйнөмдө болгон уйгу-туйгуну ыр менен чыгаргым келип, биринчи ырымды эл алдына сунуш кылдым. Ыр "Күн балам" деп аталат, ал аркылуу балдарыма болгон сүйүүмдү билдирдим. Негизи ырчы болсомбу деп бир жылдан бери ойлонуп, вокалдан сабак алдым", - дейт Касымова.

Ырчынын клибин ушул шилтемеден көрсөңүз болот. https://www.instagram.com/p/BhyYMdRB4edaE-CGz-LTU4...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!