Эсмахан алгачкы киносун 20 күндө тартып бүтүрдү

Эсмахан алгачкы киносун 20 күндө тартып бүтүрдү
4-Май 2018, Жума, 11:49

8-апрелде кино тартууга киришкен Эрке Эсмахан алгачкы фильмин 20 күндө тартып бүтүп таштады. Ырчы командам мыкты деп мактанып өттү. Бул тууралуу ал өзүнүн жеке баракчасына жазган.

«8-апрелде баштаган биздин "Кафе Маxабат" кинобуздун тартуу иштери бүттү. Мен кино дүйнөсүнө келдим, эми кете албайм го... Сыртка чыксам да кете албайм! Бир ай бою Чу шаарынын жанында, кийин Алматыда өткөн тартуу иштери өтө кызыктуу өттү. Командабыз мыкты. Кесипкөй жагын айпасам да, ар бири өз-өзүнчө жакшы адамдар! Ар бирине тууганымдай боор басып, жакын дос болуп калдым. Тартуу иштери бүттү! Алдыда монтаждоо, андан соң элге тартууланат! Ал эми бүгүн кинонун урматына “бечир” (вечер)! Отуруш болгону турат»-деп жазган ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!