Голливудда "Темир адамдын" костюму жоголду

Голливудда
10-Май 2018, Бейшемби, 15:04

Костюмдун баасы 325 миң долларга бааланды. Ал эми товар сактоочу жайдан февраль менен апрель айы аралыгында жоголгону менен кызматкерлер жоголгонун азыр гана байкашкан. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Лос-Анджелес полициясы "Темир адам" фильминде кичүү Роберт Дауни кийген баасы 325 000 доллар болгон костюмду издеп жатат. Полициянын расмий өкүлү Кристофер Ноудун маалыматы боюнча, белгилүү кызыл-көк костюму сактоочу жайдан болжол менен февраль-апрель айында жоголгон. Ал жердин кызматкерлери башында аны текшерип чыгышып, жыйынтыгында жок экенин аныкташкан.

Жоголгон костюмду Роберт Дауни 2008-жылдан бери Темир адам фильминде киийип, аткарып келет. Ошол убактан бери ал бул костюмду 10 фильмде кийген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!