«Грэмми» сыйлыгына талапкерлер жарыяланды

«Грэмми» сыйлыгына талапкерлер жарыяланды
29-Ноя. 2017, Шаршемби, 15:01

АКШнын үн жаздыруу академиясы “АКШ Grammy Awards”тун негизги музыкалык сыйлыгынын талапкерлеринин тизмегин жарыялады.

“CBS” теле каналында ырчы Андра Дэй негизги талапкерлердин ысымын атады. Баардык 84 номинация боюнча сыйлыкка талапкерлердин толук тизмеси, үн жаздыруу академиясынын жеке сайтында жайгаштырылды.

Жылдын мыкты альбомуна "Damn" Кендрик Ламар, "Awaken, My Love!" Childish Gambino, "4:44" Jay–Z, "24K Magic" Бруно Марс жана "Melodramа" ат салышмакчы.

60чы юбилейлик тапшыруу аземи 2018-жылдын 28-январында Нью-Йорктогу “Madison Square Garden” сахнасында өтөт. 2003-жылдан бери алгач ирет экинчи жыл катары менен актер Джеймс Корден алып барат. Бирок салтанат Лос-Анжелесте өтпөйт. Жылдын негизги музыкалык түнү “CBS”тен көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, былтыр гремминин триумфатору болуп британдык ырчы Адель аталган. Ал беш категория боюнча “Жылдын мыкты ыры”, «Мыкты соло поп-аткаруучу", "Мыкты жазуу" сыйлыктарын "Hello" ыры үчүн, ал эми "25" альбому "Мыкты альбом" жана "Мыкты поп альбом” аталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!