Хью Джекман Джеймс Бонддун ролунан баш тарты

Хью Джекман Джеймс Бонддун ролунан баш тарты
9-Дек. 2017, Ишемби, 10:46

Ал сценарийде бир өзгөрүш киргизүүнү суранган, бирок анын сунушу кабыл алынбаган кезде, ал бул ролдон баштарткан.

Актер Хью Джекман агент 007 боло албады. 2002-жылы Джеймс Бонд фильмин тарткан студия өкүлү кабарлашып, ага башкы ролду сунушташкан. Бирок, Джекман сылык баш тартты деп билдирет "People”.

Джекман ага атак-даңк алып келген "Людях Х" фильминдеги Росомаханын ролу аркылуу белгилүү. Ал эми Бонддун окуясы чындыкка жакын эмес деп эсептеп, сценарийди «чындыкка жакын» болуусун суранган кезде, фильмдин продюссери ачууланган.

Актердун айтуусу боюнча, ага атак алып келген Росомаханы ойногону үчүн эмес, “Отверженый" тасмасындагы Жан Вальжандын ролун аткарганы менен сыймыктанат экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!