Майкл Джексондун уулу эл алдына чыга баштады

Майкл Джексондун уулу эл алдына чыга баштады
13-Дек. 2017, Шаршемби, 15:59

Буга чейин көпчүлүк 2009-жылы каза болгон поп-музыканын каролу аталган Майкл Джексондун кызы тууралуу угуп келишкен. Азыр ал 19 жашта жана Голливудду багынтуу үчүн мектепти таштап эмгектенип жүрөт. Анын эсебинде бир нече ролдор менен бирге "Нэша Эдгертона” криминалдуу комедия тасмасы бар.

Ырчы көз жумгандан кийин, анын балдары тууралуу көптөгөн сөздөр айтылган. Майклдын көзү тирүү кезде Дебби Роумен атуу кыз менен мамиледе болгондугу тууралуу журналисттерге белгилүү болгон. Жылдыздын дерматологунун ассистенти болуп иштеген жана алардын эки баласы жарык дүйнөгө келгендиги айтылган. Майкл Джексон кайтыш болгондон кийин кызы Пэрис тууралуу көп сөз болгон. Бирок ушул убакытка чейин аны менен бирге Майклдын уулу Принс да өскөн.

Эки бир туугандын буга чейин бирге түшкөн бир да сүрөтү болгон эмес. Ошондуктан алардын жакындарынын тоюнда бирге пайда болгону көпчүлүктү таң калтырган. Бирок, Паэрис менен Принске деген кызыгуу сүрөткө гана байланыштуу эмес. Бул тойдо экөө той ээлерине өзгөчө белек тартуулашкан. Анда алар кызыл жана кара роза гүлү менен ак калла гүлүнөн турган букет сыйлашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!