​Сыймык Бейшекеев Голливудда клип тартууда

​Сыймык Бейшекеев Голливудда клип тартууда
15-Дек. 2017, Жума, 13:40

КРнын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев жубайы менен АКШда эс алып жүргөн убагы. Күйөрмандарына саякаты тууралуу ырчы соцтүйүндөгү баракчасына бөлүшүп келет.

Бир айга саякатка чыккан ырчы эс алуу менен бирге клип дагы тартууда. Азыркы тапта АКШнын Лос-Анджелес шаарындагы кинонун мекени болгон Голливудда “Боордоштор” аттуу ырга клип тартып жаткан учуру. Бул тууралуу ырчы Zaman.kg маалымат агенттигине билдирди.

“Азыр АКШнын Калифорния штатына келдим, 15 күн болду , жубайым менен эс алууга келгенбиз, өкүл балдарым, анан өзүмдүн тун балам Азамат дагы бул жакта. Быйыл чакыруу жөнөтүшүп визага кирсек элчилик 5 жылдык мөөнөт менен виза беришти. Чикагого токтоп, Огайо штатында конок болуп Майамиге Бакай өкүл балам Айгүл өкүл кызым эс алуу уюштуруп беришти. Анда ары Лас-Вегаска келдик. Мурдагы күнү Лос Анджелеске келгенбиз, өзүм да көптөн ниет кылып жүрүп жазган ырым бар эле “Боордошум” деген, баардык сыртта жүргөн мекендештерге арналган. Аман эсен мекенге кайткыла деген маанидеги ыр, ошол ырга клип тартууну баштадык буйруса. Атайын Чикагодон жол алыс болсо дагы Мирлан деген өкүл балам келди учуп, буйруса башталышы жакшы, менин ырдаган жерлеримди бир күн кечке тарттык, эми кыргыздын уул кыздарынын болгон жетишкендигин ушул ырга чагылдырсак аз болсо дагы деп кыялданып атабыз. Буйруса жаңы жылга бүтүп калат”,-деди ырчы Сыймык Бейшекеев.

Ырчы ошондой эле “Кусалык” аталышындагы клип дагы тартып, жаңы жылга карата күйөрмандарына тартуулаганы турат.

“Дагы бир жаңы ырым бар. Аны 20-декабрда Чикагого барып, ошол жактан жакшы клип тартсакпы деп план кылып атабыз, сценарийлери даяр. Мирлан балам да 5 жылдан бери бир топ такшалып калды, бул жакта жеке менчик студия ачып, мыкты техникалык каражаттар менен жабдып, иш алып барат, ишеним зор, жакшы клип болот деп үмүттөнүп турабыз. Жаңы жылга өзүмдүн угарман күйөрмандарыма белегим ушул эки клип болот деп ойлойм”,-деди Сыймык Бейшекеев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!