Сүйүнчү! Омар “Silk Way Star” конкурсунда жеңишке жетти!

Сүйүнчү! Омар “Silk Way Star” конкурсунда жеңишке жетти!
15-Дек. 2017, Жума, 22:33

Эстрада ырчысы Омар сентябрь айынын аягында Алматыда башталган «Улуу Жибек Жолу жылдызы» (“Silk Way Star”) музыкалык шоусунда жеңишке жетишти. Эл аралык музыкалык сынакка Улуу Жибек Жолундагы 9 өлкөнүн ырчылары катышкан.

Алар Казахстандын атынан Айкын Толепберген, Грузия — Таймаз Аджая, Азербайджан — жаш аткаручу Эфенди, Түркия — Фулин, Кыргызстан — Омар, Башкыртстан — Ян Лира, Татарстан — Малика, Узбекистан – Саида, Таджикистан- Сафармухамад аттуу музыка өкүлдөрү өз өлкөсүнүн намысы үчүн ат салышты.


“Silk Way Star” конкурсу 12 эпизоддон турган. Ар бир эпизоддо аткаруучулар өз өлкөсүнүн хиттерин, экинчисинде өз эне тилинде казак ыралырын, атандаш өлкөлөрдүн ырларын, ошондой эле ата мекендик композиторлордун чыгармаларын аткарышты.

Белгилей кетсек, конкурс үч ай аралыгында өттү. Тогуз өлкөнүн калыстар тобунан турган конкурста Кыргызстандын атынан Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова мүчөлүк кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!