2017-жылдын эң көп киреше тапкан актерлору

2017-жылдын эң көп киреше тапкан актерлору
16-Дек. 2017, Ишемби, 10:39

Америкалык “Forbes” журналы 2017-жылдын эң табышкер актерлорунун тизмесин жасады. Рейтинг басылманын веб-сайтында жарыяланды.

Рейтингдин лидери Жереми Реннер болду. Эсептеп чыккан кезде ар бир Реннерге төлөнгөн доллар студияга 93,8 долларлык кассалык төлөмдөрдү алып келди.

Экинчи орунда актриса Эмма Уотсон (ар бир долларга 70,7 доллар гонорар), үчүнчүдө Скарлетт Йохансон (66,5 доллар) турат.

Ал эми тизменин төртүнчү катарын Эмма Адамс (46,1 доллар) алса, мыкты бешилтиктин ичине Крис Пратт (34,4 доллар) кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!