​Ырысбек Жабиров болуп “Instagram”га катталган ким?

​Ырысбек Жабиров болуп “Instagram”га катталган ким?
16-Дек. 2017, Ишемби, 15:55

Кинорежиссер Ырысбек Жабиров “Instagram” социалдык тармагына белгисиз адам анын атынан катталып, кастинг жарыялаган. Ал адамдын ким экенин билүү үчүн коомчулукка кайрылды. Бул тууралуу Жабиров “Facebook” баракчасына жазган.

«Тез арада кеңешиңер керек. Instagramга менин атыман бир "бети жок" ушул баракчаны ачып, ар ким менен менин атымдан сүйлөшүп, жада калса кастинг жарыялап жибериптир. Кат жазып токтот десем, жооп жок. Мен бул ким экенин билишим үчүн эмне кылышым керек?»,-деди Жабиров.

Кийинчирээк Ырысбек Жабировдун атынан катталган адам атын башкага өзгөртүп салган.

Белгилей кетсек, кыргыз эстрада айдыңында белгилүү адамдардын атын жамынып, баракчаларды ачып алган көрүнүштөр буга чейин көп эле болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!