Келинчегин он жыл бою жашырган Кайрат Нуртас эми кыздарын көрсөттү.
Эки кызы менен түшкөн сүрөтүн инстаграммдагы баракчасына жарыялап:
«Кыздын аты - кызыл алтын.
Көрүнөт толгон айдай жүзү жаркын
Чоңдордун жолун тосуп сөз сүйлөбөйт,
Элинин сактай билген каада-салтын!» – деп жазган.
Бирок балдарынын бет жүзүн көрсөткөн эмес. Социалдык тармактын колдонуучулары болсо сүйүктүү ырчысынын чонойуп калган кыздарына жакшы каалоо-тилектерин жазышып билдирүү калтырышкан.