Темза өзөнүнүн суусун ичкен актер комага түштү

Темза өзөнүнүн суусун ичкен актер комага түштү
22-Дек. 2017, Жума, 09:55

Британиялык актер Дариус Кэмпбелл белгилүү Темза өзөнүнүн суусун ичкенден кийин, комага түшүп калды. Окуя актер табигый суунун жарнамасына тартылуу учурунда болгон.

Бул тууралуу “Korrespondent.net.” сайты маалымдайт.

Жарнамага тартылуу учурунда актер өзөн суусун бөтөлкөгө толтуруп алып ичкен. Тартуу иштери аяктагандан кийин ал энесинин туулган күнүнө жол тарткан. Бир аз убакыттан кийин өзүн жаман сезген.

Кийин бөтөлкөгө толтурулган суу тазаланбаганы белгилүү болду. Андан улам актер вирус жуктуруп алганы аныкталган. Андан улам иммунитети төмөндөп, бактериялуу менингит оорусуна туш болгон.

Кэмпбеллди атасы дал убактында ооруканага алып барган. Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча, бир аз кечиккенде актер өмүрү менен кош айтышып калуусу мүмкүн эле. Анткени Кэмпбеллдин мээси шишип кеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!