​Казакстан «Евровидение» ыр сынагына катышат

​Казакстан «Евровидение» ыр сынагына катышат
25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:06

Казакстан «Евровидение-2018» эл аралык ыр сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, казак тарап аталган сынакка катышуу үчүн уюштуруучуларга кат жолдошкон. Жыйынтыгында 2018-жылдан тарта катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Белгилей кетсек, Евровидение ыр сынагы жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал 1956-жылдан бери дүйнөдөгү эң ири сынактардын катарын толуктайт. Анда кайсы өлкөнүн катышуучусу жеңүүчү аталса, кийинки жылы сынак дал ошол өлкөдө өткөрүлөт. Андыктан кийинки жылы бул сынак Португалияда болмокчу.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!