​Димаш Брэд Питти артка калтырды (видео)

​Димаш Брэд Питти артка калтырды (видео)
29-Дек. 2017, Жума, 11:47

"TC Candler" узап бара жаткан 2017-жылдагы дүйнөгө белгилүү жана эң сымбаттуу ырчылардын, актерлордун тизмесин жарыялады. Анда казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенов дагы илинип, эң келишимдүү 100 адамдын ичинен 76-орунга ээ болду.

Муну менен казак ырчысы дүйнөгө белгилүү голливуд жылдыздарына салыштырмалуу сымбаттуу ырчы болуп чыга келди. Алсак, “Оскар” сыйлыгынын ээси, актер Леонарда ди Каприо 87-орунга, атактуу актер Дуэйн Джонсон 82-орунга жайгашкан. Анджелина Джолинин мурунку жолдошу Брэд Питт 78-орунга ээ болгон.

Ал эми дүйнөдөгү эң келишимдүү жигит деген позицияны түштүк кореялык ырчы Kim Tae – Hyung, 2-орунда актер Джейсон Момоа, 3-орунду актер Амри Хаммер ээледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!