Кардашьян үчүнчү ирет эне болду

Кардашьян үчүнчү ирет эне болду
17-Янв. 2018, Шаршемби, 14:11

Америкалык теле жылдыз Ким Кардашян менен музыкант Кэнье Уест үчүнчү ирет ата-эне болушту. Бул тууралуу 16-январь күнү Кардашьян өзүнүн сайтында маалымдаган. «Канье жана мен дүйнөгө жаңы келген кызыбыздын төрөлгөндүгү жөнүндөгү жагымдуу кабар менен бөлүшмөкчүбүз», - делет билдирүүдө.

Кызы 15-январь күнү саат 12:47де суррогат эненин жардамы төрөлгөн, салмагы 3,5 кг. Кардашьян баласын көтөрүп, төрөп берген энеге ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, жылдыздуу түгөйдүн бир кызы жана бир уулу бар. Сурогат энеге Кардашьян ден соолугундагы көйгөйдөн улам кайрылууга мажбур болгон. Ал эми буа чейин уулу Сейнт 2015-жылы жана кызы Нортту 2013-жылы төрөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!