Кайрат Кыргыз гастролдоп Түркияга барат

Кайрат Кыргыз гастролдоп Түркияга барат
23-Янв. 2018, Шейшемби, 14:04

Өзгөчө стилде сахнага чыгып өнөрүн тартуулап жаткан белгилүү эстрада ырчысы Кайрат Кыргыз чыгармачылык сапары менен Россия жана Түркиядагы мекендештерге концертин тартуулайт. Бул тууралуу ырчы "Zaman.kg" маалымат агенттигине билдирди.

“Ушул жылдын 7-ферваль айында Россиянын бир катар шаарларына, март айында Түркияда иштеген мекендештерге чыгармачылык концертимди тартуулоо үчүн сапар алганы турам. Азыркы учурда концертке кызуу даярдык көрүп жаткан учурубуз”,-деди Кайрат Кыргыз.

Ырчы ошондой эле жаңы ырлардын жана клиптердин үстүнөн иштеп жатканын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!