Жоомартованын кызыктуу видеолору

Жоомартованын кызыктуу видеолору
27-Янв. 2018, Ишемби, 14:33

Белгилүү кино ишмер, актриса Ырыс Жоомартова эми видео роликтерди тарта баштайт. Бул тууралуу Жоомартова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

“Жакында чоң жаңылык, “Ырыс” студиясынын командасы бир гана кино тартпастан, кызыктуу видеороликтерди тартуу менен алектенебиз. Күнүгө бирден турмуштан алынган күлкүлүү окуяларды өзүбүздүн актрисалар аткарышат”,-деди ал.

Эске салсак, буга чейин Жоомартова “Жал” кинотеатрын өзү иштетип, ал жерге 12 жаштан 60 жашка чейинки курактагы жарандарга актерлук чеберчилик боюнча сабак берип жатканын, кийин алар тасмага тартыла турганын айткан болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!