Уилл Смит жубайы менен ажырашат

Уилл Смит жубайы менен ажырашат
3-Фев. 2018, Ишемби, 15:41

Америкалык актер Уилл Смит аялы Джада Пинкетт Смит менен ажырашууда. Бул тууралуу “Online” маалымат каражаты өз булагына таянып билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 20 жыл бирге түтүн булатып жашап келген жубайлар азыркы учурда эки башка жашап жатканын жана психологго кайрылышканы маалымадалат.

Жубайлар мындай чечимге бадары өзүнчө бөлүнүп жашап калгандан кийин келишкени айтылат. Алгач өз-өзүнчө жашап көрүүнү чечишкен, кийин бул көрүнүш экөөнө жагып калып биротоло кол үзүүнү ойлонушууда.

Эгер психологдун консультациясы түгөйлөргө жардам бере албаса, алар ажырашуу процесси башташып жана ортодогу 270 млн. долларды бөлүштүрүү иши каралат. Жубайлар 1997-жылы баш кошушкан жана ортодо өздөрүнүн эки баласы (19 жаштагы Джейден жана 17 жаштагы Уиллоу), ошондой эле 25 жаштагы Трей аттуу Смиттин мурунку никесинен баласы бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!