Ильяз менен Аваз Москвада

Ильяз менен Аваз Москвада
7-Фев. 2018, Шаршемби, 16:20

Учурда той сезону жок болгондугуна байланыштуу ырчылар жеке чыгармачылык концертин тартуулап бир катар өлкөдө жүрүшкөн учуру. Алсак, эстрада ырчылары Ильяз Абдразаков менен Аваз Акимов азыркы тапта гастролдоп Россияда жүрүшөт.

Ырчылар Орусияда иштеген мекендештерге өздөрүнүн жеке чыгармачылык концертин тартуулашмакчы.

Тагыраагы 9-11-февралга чейин Москва шаарынын “Фрунзе” аттуу кафесинде чоң программадагы шоу концертин тартуулашмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!