​Гүлжигит Сатыбеков жаңы ырларды тартуулайт

​Гүлжигит Сатыбеков жаңы ырларды тартуулайт
9-Фев. 2018, Жума, 16:03

КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков өзүнүн жеке чыгармачылык концертин тартууламакчы.

Ырчынын концерти Бишкекте беш күнгө созулат.

“Гүлжигиттин качан дагы жаңы ыры чыгат болду экен деп күткөндөр көп. Эмесе Гүлжигиттин күйөрмандары, жаңы ырлардын бет ачаары болот, сиз сүйгөн ырлары концертте тартууланат”,-деп айтылат маалыматта.

Ырчынын концерти Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда 19-20-21-22-23-февралда өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!