​Кайрат Кыргыз сынга жооп кайтарды

​Кайрат Кыргыз сынга жооп кайтарды
10-Фев. 2018, Ишемби, 14:07

Эстрада ырчысы Кайрат Кыргыз өзгөчө стилде ырдап чыккандан кийин көпчүлүктүн талкуусуна түшкөн эле. Арасында ырчынын стилин азыркыга чейин сындагандар көп. Ырчы өзүнүн дарагене айтылган сындарга "Азияньюс" гезитине төмөнкүчө жооп кайтарган.

“Чыгармачыл адамдын артынан жаманга караганда жакшы сөздөр көбүрөөк болот. Ошол эле учурда көралбагандар да жок эмес. Мээсин башкара албаган, жүрөгүн тыңшабаган, акыл-эси тайкы адамдар гана оюна келгенди оттоп, ушак таратат. Колу кычышып жамандап жазат, эптеп эле бирөөнү жамандаш керек болот. Ошондой бир төмөн нерсени жазганча өзүнүн ишин бүтүрүп алса мамлекетке, өзүнө пайдасы тиймек. Кээде ошолордун жер жүзүндө жүргөнүнө боорум ооруп кетет. “Жаштар жакшы музыка, маанилүү тема үйрөнсүн” деп аракет кылып жатам. Ал эми негативдүү сөздөр менен курчагандарды кантип оңдоо мага караштуу эмес экен. Орустар “горбатого могила исправит” дейт эмеспи, же кыргызда “жаман адаты өз башы менен кошо кетет” дейт. Анын сыңарындай, мындай адамдарга убакыт коротуп, көңүл буруп бекер. Андан көрө жакшы сүйлөсөң бумеранг болуп кайра сага келерин унутпасак”,-деди ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!