​Жаш ырчы Кадыраалы Турумбеков: үч аспапта ойнойм

​Жаш ырчы Кадыраалы Турумбеков: үч аспапта ойнойм
13-Фев. 2018, Шейшемби, 17:25

Жаңыдан сахнага кадам таштап ырчылык кесипти аркалаган жаштардын катары күндөн күнгө көбөйүп жатат десек болот. Анын арасында жаш ырчы Кадыраалы Турумбеков дагы бар.

Ырчы учурда Мураталы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эл аспаптар бөлүмүндө 1-курста окуйт.

“Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жатам. Учурда 19 жаштамын. Жакында 3 ыр жаздырдым. Кечээ алгачкы “Бир тууганым” аттуу чыгармага клип тартып бүттүк. Учурда ЖМКлардан кетип жатат. Жакында дагы бир ырыма клип тартууга киришем. Ырчы болгон соң музыкалык билимиң жана аспаптарды дагы билиш керек деп ойлойм. Гитара, комуз, ооз комузда ойнойм”,-деди ырчы Кадыраалы Турумбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!