​“Кыз-жигит Сармерден” долбоорунун жеңеси тандалды

​“Кыз-жигит Сармерден” долбоорунун жеңеси тандалды
20-Фев. 2018, Шейшемби, 18:17

"Кыз-жигит Сармерден" долбооруна шайыр жеңеси болуп ырчы Анара Шаимкулова тандалды. Бул тууралуу долбоордун продюсери Сагын Ниязалиева билдирди.

Анын айтымында, кастингге 30га чукул ырчы кыз-келин катышкан.

Алып баруучуну тандап алууда атйын коммиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында ырчы Анара Шаимкулованы тандалып алынган. Ал комуздун коштоосунда чыгармаларды аткарып, өз өнөрүн тартуулаган.

“Кыз-жигит Сармерден” долбоорунун Эрке жеңе алып баруучусунун ордуна тандоо сынагы болду. Тандоо сынагына Кыргызстандын ар аймагынан өнөрүн сынап көрүүгө келген Эрке жеңелердин катары көп болду. "Кыз-жигит Сармерден" долбоорунун келерки чыгарылышына 21-мартта күбө боло аласыздар”,-деди Ниязалиева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!