​Кайрат Нуртас бал айын Мальдив аралында белгилөөдө

​Кайрат Нуртас бал айын Мальдив аралында белгилөөдө
21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:36

Ырчы Кайрат Нуртас келинчеги Жылдыз менен үй-бүлө куруп, чогуу жашашканынын 10 жылдыгын Мальдив аралында белгилешти. Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына бөлүшкөн.

“Он жылдык үй-бүлө курганыбызды Малдьив аралында ак көйнөк кийип, ак кумдун үстүндө кинодогудай өткөрүп жатабыз. Бул күн мен үчүн керемет болду. Себеби ар бир назик жан аялзаты үчүн сүйүктүүсүнүн чын ниети менен, махабат сезими менен жасалып жаткан сыйды көрүүсү кандай бакыт. Мен башка дүйнөдө жүргөндөй, жаңыдан үй-бүлө куруп бал айында жүргөндөйбүз. Кудайга чексиз шүгүр, бизге ушундай мүмкүнчүлүк берген ата-энебизге ыраазычылык айтабыз”,-деди Кайраттын жубайы Жылдыз.

Ал эми Интернет колдонуучулары эки жашка чексиз бакыт, тунук сүйүү каалап жатышат.

Қайрат @kair_n пен Жұлдыз @zhuldyzabdukarimovaofficial өздерінің 10 жылдықтарын тойлап жатыр. Той тойға ұласуына тілектеспіз❤ Құттықтауларыңыз төменге
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!