Үч жигиттен куралган “Музаман” тобу жаз майрамына карата өздөрүнүн жеке чыгармачылык концертин тартуулашат. Бул тууралуу топтон билдиришти.
Маалыматка караганда, концерт 5-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филмармонияда саат 18:00дө башталат.
Эске салсак, “Музаман” тобу 2010-жылы түзүлгөн. Топто Алымкул, Тариель, Аксай аттуу жигиттер 8 жылдан бери эмгектенип келишет.