​“Нестан Дарежанды” Элбарчын Калилова ырдап чыкты

​“Нестан Дарежанды” Элбарчын Калилова ырдап чыкты
21-Фев. 2018, Шаршемби, 20:28

Бүгүн, 21-февралда кыргыз эстрада жылдызы,Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын ырчысы Элбарчын Калилованын “Нестан Дарежан” аттуу жаңы клиби жарык көрдү. Аталган ырдын обону композитор Исрадин Аманбаевге таандык. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.

Анын айтымында, ыр үч тилде тартылган: кыргыз, түрк жана англис тилдеринде.

Белгилей кетсек, грузин элинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасын акын Алыкул Осмонов кыргыз тилине которгон. Андагы баш каармандардын бири Нестан Дарежанга карата мыкты чыгарма жаралып, аны бир канча кыргыз эстрада ырчылары аткарып келген. Жакынкы күндөрү Калилованын аткаруусундагы клип күйөрмандарга тартуулана баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!