​Марат Талантбековдун жаңы клиби жарык көрдү

​Марат Талантбековдун жаңы клиби жарык көрдү
22-Фев. 2018, Бейшемби, 19:48

Эстрада ырчысы Марат Талантбеков Рыспай Абдыкадыровдун “Периштем” аттуу ырын жаңыча түс менен ырдап клибин тартып чыгарды. Бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди.

“Көп жылдан бери бул ырды ырдайын деген максаттарым бар болчу. Акыры ойлогон оюм ишке ашып, ырды жаздырып чыктым. Клип дагы тартылып учурда телеканалдардан көрсөтүлүп жатат. Чыгармачыл чөйрөгө аралашканыма 5 жылдын жүзү болду. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде эстрада бөлүмүн аяктап жатам. Сахнага 1-курсстан баштап аралаштым десем болот-”,деди Талантбеков.

Учурда айрым ырчылар эски ырларды ырдап чыгып, сынга кабылган жайы бар. Бул боюнча сураганыбызда Максат буларга токтолду.

“Эски ырларды бузуп жатасыңар деп көп эле адамдар айтып калышат. Бул деген музыкалык жактан түшүнүгү аз адамдардын айтканы деп эсептейм. Мен болсо эски ырларды ырдоодон мурун кесипкөй ырчылардан, агайларымдан кеңеш алып, андан соң ырдап чыгам. Канчалаган мээнетиң кетет”,-деди ал.

Мына ошентип менин биринчи кадамым жана биринчи эмгегим Коруп коюнуздар! "ПЕРИШТЕМ" /Менин командам/ Муз продюссер-@cinemacomposer Аранжировка-@azamattakyrbashov Режиссер оператор.-@adi_22.90 Ассистент Реж.@@aldaiarov_t Дизайнер костьюм-@nuriza_saparbekova1205 Стилист-@_aiymzhan___ Стилист парикмах-@ismanoff_official Актриса:@altynaimukanbet Исполнитель:@marattalantbekov #marattalantbekov
Публикация от МАРАТ ТАЛАНТБЕКОВ
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!