​Самара менен Юлия дуэт жаздырышты (видео)

​Самара менен Юлия дуэт жаздырышты (видео)
26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 18:22

Буга чейин КРнын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова белгилүү эстрада ырчысы менен дуэт жаздырып жатканын айткан эле, көрсө ал ырчы Юлия Руцкая экен. Эки ырчы ырдап чыккан чыгарманын аты “Курбум” деп аталат.

Учурда ыр “Ютуб” каналына жайгаштырылган. Клиби качан тартылаары белгисиз.

Ал эми интернет колдонуучулары аталган ырдын айланасында ар кандай билдирүүлөрдү калтырып жатышат. Кээ бири ыр казак тилинен которулган десе, айрымдары мыкты ырдашканын белгилешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!