Мээрим Карыпова концерт берет

Мээрим Карыпова концерт берет
27-Фев. 2018, Шейшемби, 18:12

Эстрада ырчысы Мээрим Карыпова жаз айына карата өзүнүн жеке чыгармачылык концертин тартуулаганы турат. Бул тууралуу ырчы Zaman.kgге билдирди.

Анын айтымында, 21-мартта Нооруз майрамына карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өзүнүн жеке чыгармачылык концертин бермекчи.

"“Нооруз” майрамына карата жеке концертимди берсемби деп бел байлап турам буйруса. Эл алдында отчеттук концерт дегендей. Жакшы өткөрүп алайын деп аракет кылып, учруда даярдык иштерин көрүп жатам. Концертке карата элдин жүрөгүнөн орун тапкан жаңы чыгармалар жаздырдым”,-деди ырчы Мээрим Карыпова.

Мындан тышкары ырчы өзүн актриса катары да сынап көрүп, “Дарак ыры” аттуу тасмага тартылган. Жакынкы күндөрү эл назарына тартуулана баштамакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!